Бейшемби, 23.11.2017, 22:39
Приветствую Вас Конок | RSS
Главная | Регистрация | Вход

[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
Страница 1 из 11
KG-FORUM » Кыргыздын турмушу » Кыргызстан » Келечектеги Кыргызстан
Келечектеги Кыргызстан
PrinceДата: Жума, 01.05.2009, 22:52 | Сообщение # 1
Админ
Группа: Хан
Сообщений: 198
[ 5 ]
Награды:
[ 4 ]
Келечектеги Кыргызстанды кантип элестетесинер достор? Мисалы айталык 50 жылдан кийин Кыргызстан кандай өлкө болот???
 
eldarДата: Шейшемби, 19.05.2009, 03:18 | Сообщение # 2
Сыйлуу
Группа: Вазир
Сообщений: 82
[ 1 ]
Награды:
[ 0 ]
menimche az maz jylyshtar bolot jakshyny kozdoi

jeribizdi tartyryp ijbei kelechektegi muundardy madaniatyn taryhyn sylagandai kylyp ostursok
baary kyiratpasada arasynan kooburook insan chyksa alibette kylym karytabyz

munu okugandar bolso
sozsuz ele chondor mugalimder je bashka biroolor daiardap beret debei
arbiribiz ozubuzdon oz uibulobuzdon bashtasak
misaly balandy kyrgyzcha okutsa
saltka kop aralashtyrsa shaarga kamalybalbai
je jailo too poogo chigaryp jerimenen taanyshtyryp
oldu degende kerektuu kitep alypberse baldarga (jomok taryh)
je bolboso kop ele kary adamdar bar iuno chakyryp chai pai berip aitkanyn ugup otursan bulda chon paida
jeti atasyn taanytyp kaisy uruudan ekenin uirotup koigongo karajat keregi jok
andai bala kyrgyz ekenin unutpait

emi en neigizgisi biz atalarybyzdyn oiun sozun kylganyn kylyp tuurap uironup chonoiobuz
syilagan adamyn syilachubuz tuuraby?
andyktan balabyzda bizdi tartat baary ozubuzdun kolubuzda
koldon kelgenin kylabereli biroono tenelbei kalgany kudaidyn kolunda

kichinekei ele elbiz suraship kelsek jarymybyz tuugan chigabyz
iarymybyzdyn birge taanygan taanyshybyz bar
ozubuzdon bashtasak bat ele tarait

baryna ijgilik


"We must secure the existence of our people and a future for White children"
 
M_AilettДата: Шаршемби, 20.05.2009, 12:04 | Сообщение # 3
GooD MixeR
Группа: Сыйлуу
Сообщений: 107
[ 0 ]
Награды:
[ 1 ]
Силерге окшогон жаштарыбыз бар, биз келечегибиз жакшы болот деп ойлойбуз. Балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги кен болооруна мен терен ишенем. 50-жылдан кийин биздин Кыргызстан жетишкен олколордун катарына кошуп калаар деген ишеничтемин, эн башкысы согуш болбосо, калган кырдаалды биз ойноп откоробуз, булардын баары убактылуу нерсе.
 
datamenДата: Жума, 14.08.2009, 22:12 | Сообщение # 4
Жаңы мүчө
Группа: Колдонуучу
Сообщений: 1
[ 0 ]
Награды:
[ 0 ]
Кундордун биринде ушул статьяга учурадым.
Кунт коюп окуп корсонор...!!!

Кыргыз ансыз да жер үстүндө армансыз жоголууга учураган эл. Кээде: "жетишет, эми бизде, Кудай, сенин да акың жок!" деп айтып ийе жаздап барып, тобо кылып токтойсуң.
Каалагандай доор келди дегенден бери эле канчасы жоголду кыргыздын? Чачылып кеткени аз келгенсип, сатылып кетип жок болууда, атылып кетип жок болууда.
Илгери ити жоголгон айыл ээнсирей түшөр эле. Эми карабашыл адам жоголуп атса да, "ии" дебей калдык.

***

Ыйман кетти дейбиз. Ыйманды ким кетирди? Балдарына батинке алалбай аткан Энеби? Же жерин айдаганга акча табалбай аткан Атабы?
Балким ыйманга чакырып жүргөндөрдүн өздөрү кетирип жүрбөсүн? Шайлоого барарда шайтанга айланып, узун элди таяк, кыска элди жарак кылып, шайланганга чейин жаныңды, шайлангандан кийин каныңды соргондор кетирип жүрбөсүн?

***

Көңүл калып өң-алеттен азабыз,
Күндө бөлөк жолго түшүп
басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн,
Биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер, хандар гүлдөп шапар тебишет,
Бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма
Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,
Биз аларга шайланаарда керекпиз.
"Эл" деген-биз, макулук да, маймыл да,
Эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Ата Журтум ач-жылаңач, араңжан,
Аялга окшоп зордукталган, таланган…
Өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

***

Кыргыз бүгүн кыргыздан кача баштады. Кыргыз бүгүн кыргызды сата баштады. Кыргыз бүгүн кыргызды ата баштады. Кыргыз бүгүн кыргызды жей баштады…
Акча үчүн карачечекей карындашын каракчынын алдына чечип бергенден, акча үчүн карачечекей ата-энесинин башын кесип бергенден кайра тартпаган кыргыздар чыкты бүгүн.
Кыргыз бири бири менен экинчи бет карашкыс болуп, Бай-Кедей болуп биротоло жиктелип, ажырап кетип баратат.
***

Мен өлсөм эч нерсе болбос. Менден Эл да, Жер да коробос.
Эл өлсө эмне болот?
Элиң өлсө топурак салар элиң барбы?
Дунган кошунаңын Кытайына, Корей кошунаңын Корейине, орус кошунаңын Орусуна окшогон?
Кыргыз өлсө казак топурак салат дейсиңби? өзбек топурак салат дейсиңби? Саларына ишенесиңби?
Бөлөк-бөтөндү кой, бүгүн Кыргыз өлсө кыргыз топурак салбай турган заманга жеттик.
Муз кемисе толоор… Туз кемисе толоор… Аш кемисе толоор… Баш кемисе ким толтурат? Калк кемисе ким толтурат? Аз кемисе ким толтурат? Эл кемисе ким толтурат? Жер кемисе ким толтурат?

Өсчү калк күндө өзүм дейт,
Өгөөлөп, бутап бир-бирин,
Өччү калк күндө өзүн жейт,- деп жаздым эле жаным ооруганда.

***
Элдин да адам өмүрү сыяктуу төрөлгөн, торолгон, эр жеткен, урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай күжүлдөп кирип турган курагы, анан улгайган курагы, акырында карып, алжыган курагы болот. Жер үстүн титиреткен эчендеген этностор карыганда өзүн-өзү сактай албай, сактоо иммунитетинен ажырап, бөлүнүп-жарылып, алжып олтуруп ааламдан жок болуп кеткен дешет. Муну мен эмес, түрк тилдүү элдердин, анын ичинен кыргыздын тарыхын, жашоо салтын, үрп-адатын өмүрү өткөнчө изилдеп, артына алтындан кымбат эмгектерин калтырып кеткен Лев Николаевич Гумилев айтыптыр.
***
Г
умилев айткандай тарых бетиндеги эң эле байыркы, картаң деген элдердин бири биз экенбиз. Азыр жер үстүндө биз менен жашташ бир дагы эл жок. Чын эле башка элдерге салыштырганда карып, карыганда да жөн карыбай, алжып карыдыкпы?
Жасалма жашоо, жасалма билим, жасалма бийлик бизди кайда алып баратат? Эмне үчүн түбү түшкөн көрдөн, түбү түшкөн чөлдөн башка калк бирин бири жөлөп, бирин бири таяп, бирин бири аяп чыгып кетип атса, биз кыргыздар чыгып баратканыбызды кайра колдон-буттан тартып, этектен эңкейиишке сүйрөп, талап, тоноп, сабап, орго, шорго салып келебиз?.. Ошентип келгенбиз… Эми да ошентип келебиз… Сыягы ошенте берет окшойбуз…

Эски тарых эмне дейт?

Илгери кыргыздын түпкү аталары көп сандаган кол менен Кытай падышалыгынын 2 борборун, 2 императорлугу менен эсепсиз көп байлыгын басып алат. Бийлигин орнотуп, Көк туусун саят. Айдан ай, жылдан жыл өтөт…
Душманын кантип жок кылуу жолун өмүр бою эстеринен чыгарбаган кытайлар акырындык менен кыргыздарга аралашат. Тилин үйрөнүп, дилин сиңирип, сулуу-сулуу кыздарын кыргыздарга тартуулашат. Жеңиш менен байлыкка, бийликке өрөпкүгөн кыргыздар кайра-кайра катын алышат. Алган катындары тууй баштайт. Бирок кытай катындар тууган балдар кыргыздардын үрп-адат, салт-санаасына бой салбай, чоочун өсүшөт. Ал эми падыша сарайында тарбия алган кыргыз уландары шамдагай жана эр жүрөк болушканы менен "өздөн жатты ажыратуу, тууган ким, душман ким?" деген ой-туюмдардан такыр эле куру жалак чоңоюшат. Кытай акылмандары мындай жаракага улам шынаа кагып, жырылган жерге улам суу куюп, ордонун очогун ойрондото беришет…
Бийликтеги кыргыздар душманын такыр эле унутуп, ич ара араздашып, бирин бири сатып, бирин бири жеп, акылдууларын, алдууларын, кыйындарын жок кылганга өтөт. Ата-бабалары кечээ эле мурастап кеткен нарк-насилдерин чанып, бөтөн тилде сүйлөп, бөтөн тилде мейман тосуп, өз элин жерий баштайт. Акыры бул орду толгус мүшкүлгө алып келет. Эр жүрөк кыргыздар тез эле согуш өнөрүн унутуп, жоокерчилик деген эмне экенин билбей калат. Кечээ эле ат жалында закымдап, шамал менен жарышкан кыраан кыргыз ат мингенди унутуп, кычы болуп, кир болуп, сасыган сандал сүйрөп, базар-учарларда көр-жер саткан алып сатар соодагерлерге айланат. Соода кыргыздын дилин талкалап, пейилин бузуп, дүйнөсүн тыйындай майдалап, канына ач көздүктүн үрөнүн сээп, адам сыягынан ажыратат.
Кытайлар айлап, жылдап ушул күн келерин күткөн. Аябай күткөн. Дал ушундан пайдаланып, Кыргыз каганынын башын кыргыздардын өзүнө алдыртып, кытай катындан туулган "өз кыргызын" такка олтургузушат. Такка олтурган күндүн эртеси кыргыз бүткөндүн бирин калтырбай жок кылуу жөнүндө буйрук чыгат. Миң-миңдеген өлүктөр бир ай бою Улуу Кытай Сепилинин артына качыр арабалар мененташылып, алты ай бою жер бети адам этин жеген иттерден, көктүн бети асманды айланып учкан жору-кузгундардын көптүгүнөн көрүнбөй турган дешет…
Бул ойдон чыгарылган жомок эмес. Ошондон тартып Улуу Кыргыздын омурткасы омкорулуп, арка мойну астында калган. Ошондон тартып "Курама жыйып журт кылган эл" куурдай сөгүлүп, "тентиген жыйып журт кылган эл" текейдей тепселип, качкан, бозгон, житкен…
Ошонун азабын ушу күнгө чейин тартып келебиз. Ошонун азабынан ушул күнгө чейин саны Саянга, теги Тереңге батпаган кыргыз түгөнүп олтуруп, тукумсуз үрөндөй өнүп-өспөй, көбөйбөй, 3 миллионго жетип-жетпей келебиз. Бул Улуу Кыямат туш-туштан куюп олтуруп "Манаска" кирген. Бизге тарых да сабак болгон жок!

***

Кайрадан Л. Н. Гумилевго кайрылалы. Улуу түрколог минтип жазыптыр: "Чыгармачыл жашоону билбеген, жалкоо, эмоция жана акыл жагынан кем, бирок турмуштан өзүнө көбүрөөк нерсе алууга умтулган адамдар болот. Булардан дурус жоокер же жакшы иштерман чыкпайт, кокус алар кылмыш жолуна түшсө, өмурлөрү эшафот менен бүтөт. Мындайлар чексиз төлдөп, көбөйө берет. Алар: "биз кандай болсок ошондой бол, күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин" принцибине өтөт, жеп-ичкенден башкага умтулба деген императивди жетекчиликке алышат.
Мындай адамдар ар кандай өсүп-өнүгүүнү жек көрөт, ишмердик шылдыңга алынып, интеллектуалдуулуктун үзүрлүү жемиштери менен кубанычтары алардын кыжырын келтирет. Искусстводо стиль төмөндөйт. Илимдеги мыкты изилдөөлөр ортозаар иликтөөлөр менен алмашат. Коомдук турмушта коррупция күчөйт.
ийликтегилер каракчынын кейпин кийип, өз үзөңгүлөштөрүнөн шектенүү, артынан аңдуу, керек болсо өлтүрүү жолуна түшөт. Ушул фазада орнотулган тартипти "демократиялуу" деп айтуу кыйын, анны "обскурация" деп атоо гана туура болот.
Мында чакан топ гана бийлик кылып, элдин ичмайын жеген мите куртка окшоп жашаганга өтөт. Жашоону да, өздөрүнө чейин жасалган нерселерди да сактоону билишпейт. Алар адамдардын денесине жабышкан айыкпас жарадан бетер, элдин организмин ичтен жемирип-жей берип "жеңишке" жетет, тагыраак айтканда Элин өлтүрүп тынып, акыры өзүлөрү да тукум курут болушат..
Европанын Батышы менен Чыгышындагы элдер мындай обскурациялык "алжууга" туш боло тургандай азырынча картаң эмес. Салыштырмалуу кийинки мезгилдерде болуп өткөн окуялар жөнүндө эскерүүлөр кыргыздардын, жуңгарлык ойроттордун (Кытайлар менен болгон ХVII кылымдагы согуш), пуэбло (тэба) индейлеринин жана башка бир кездеги зор этностордон азыркы аз сандагы "урууларга" айланып калган элдердин дастарында бар.
Обскурация фазасынын коркунучтуулугу… чөйрөнүн тез жана туруктуу өзгөрүп турушунун учурунда ал чөйрөгө ылайыкташуу мүмкүн болбогондуктан этнос бир бүтүн система катары сакталбай, бүлүнүп жок болот".

Л.Н. Гумилев. "Этногенез жана
жердин биочөйрөсү",Бишкек 1999,
497-510,511-беттер.

Ошон үчүн көркөм. Кагылайын кыргызым, өмүр бою бири-бириңди колдон-буттан тартып, бириңдин тамырыңды бириң кыркып, өзүңдү өстүргөндөн эмес, өзүңдү өлтүргөндөн ырахат алып, көкүрөгүң сокуруң көздүүлөрүңү көралбай, ичи тарың иштерманыңа жол бербей, ичиң күйүп, билеги жоонуң билимдүүңдү жайлап, талантсызың таланттууңу талкалап, кыжынып, көзүңө көр топурак тыгылып, обдулсаң эле ор казганы чуркап, так минсең эле тамыр кырккың келип, жакшыңды жалаага жыгып, мыктыңды мыкчып өлтүрүп, адалыңды паралап айыпка жыгып, кыйыныңды кызматтан айдатып, чыгааныңды азуулууңун алдына жара тартып берип, туугандарыңды кутуртуп, четте туруп былтыйтмаңды былтыйтып, кылтыйтмаңды кылтыйтып, кыл үстүндө кылтылдап, жол үстүндө мүлтүлдөп, той үстүндө жылтылдап, акыретте тунайын, арууланайын, агарып-көгөрөйүн дебегениңе кейийм!
О туманың көчкүр, тукумуң өскүр, Кыргызым!

***

Адам сыягы барларыңды айбанга айлантып, акыл-эстүүлөрүңдү жолго жолотпой ыргыштап, бар байлыгыңды жалаң дүнүйүөкор ач көздөргө жулуп берип, жейин, ичейин, жутайын, мен гана болоюн, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп, өзүңдөн бойлууларыңды өз-жатка бөлө чаап, өзүңдөн ойлууларыңдын эки көзүн ое чаап, басса басынтып, турса тушап, жүрсө жүдөтүп, тиктесе тизеге чаап…
Бийлериң менен бектериңе баш көтөрүп кылапат айтканга жарабаганыңа, тегизиңин келки болгонуна, эгизиңин телки болгонуна, ээгиңин буркуйганына, ээриңин кыйшыйганына, булагыңын булганганына, жериңин уурдалганына, ичиңин эзилгенине, тышыңын бекилгенине, тытылганыңа, жүдөгөнүңө, чачылганыңа, түктүүнүн бутун жалаган Жеркарамалыгыңа, күчтүүнүн итин сылаган Күнкарамалыгыңа кейийм!

***

Дарак чирип жок болордо кайсыл тамыры кантип соолуп баратканын сезбей калат деген ушулбу? Бул өңдүү бутак-тамырларыбыздын буга чейин канчасы кыйрап, канчасы кыркылып жок болду?
Үй-жайсыз балдардын өзүнчө бир үйүр-тобу келатат келечекке… Таштанды күрмө жыттанып, түрмө жыттанып…

Кейпи начар, кийими ала-түлөк,
керзи өтүгү өзүндөй
кара жүдөөк.
Тачка сүйрөп, жан багып таңдан
кечке,
Ош базарда бир жетим бала жүрөт.

Каргадайдан башына токмок салган,
каректерин карадым кош-кош
жанган.
Каректерин карасам от айланбай,
чоң кишинин көзүндөй токтоп
калган.

Жеңи менен мурунун сүртүп алып,
желип барат жүгүн ал түртүп алып.
Кесел болгон кемпирдей туралбастан
жерде жатты жетимге тийчү жарык.

Кап көтөрүп карааны калдаңдаган,
кабагынан баланын салаңдаган.
Ата Журтум бечара сени көрдүм,
ала качып көздөрүн алаңдаган.

Билем кыргыз баласы экендигин,
тилеп турдум Теңирден эсендигин.
Жалгыз ушул баланын тачкасында
келаткансыйт сүйрөлүп Мекен
бүгүн…

***

Көрсө көр дүйнө ушундай экен да, Абыке-Көбөшү көбөйгөн элде Манасы азаят экен да. Кошоматы көбөйгөн элде Азаматы азаят экен да. Айчүрөктүн ордун адам албагырлар, Курманжандын ордун кудай албагырлар басат экен да…
Кечирип кой, бир кездеги Улуу Кыргыз урпагы!
Бир кездеги көкжал "Манас" тукуму!
Мен сени жаманатты кылайын деген кымындай оюм болсо, карегим аягыңа коргошундай агып түшсүн! Минтип мал гана жашайт. Малдын да малы бар. Мал ичинен кой гана ушинтип жашайт. Биз чын эле кой болуп калдыкпы, кагылайын калкым!

***

Матай олуя: " Акылы абжип эл бузар", (жин оорулуу маанисинде)
Жатыны абжип эр бузар" деген экен.

Арстанбек олуя: " Адашы кесел ардыкчыл, (арданчаак, териси тар, жеңил
Алаасы кесел каргышчыл" деген экен.

***

Ушул олуя бабаларыбыз айткандай устаранын мизинде аласалып турган бу жалган дүйнөдө өзүмдүн эмес, өмүр өзөгүмдө, жүрөк жүлүнүмдө жаткан кагылайын кыргыз элим, Арстанбап токоюмдай аз элим, Сен, өнүккөн элге окшоп бакубат жашоо кура албай, көрүнгөндүн намазын окуп жүрүп, жок болуп кетпегейлең деп корком.
Энем жок болор, Атам жок болор, бирок Ата Журтум сен жок болсоң, асыл Элим сен жок болсоң, алтын Тилим сен жок болсоң, анда мага бул дүйнөдө жашап эмне кереги бар?
Элин атка эмес, итке мингизип, эл эсебинен жашап, "эл" болуп көрүнгүсү келген бир ууч төбөлдөрдүн эмне кереги бар?..

***

Биз акырындап бөтөнзордук жашоого көнүп бүттүк. Жерде жаткан таштай тепселгенге, мелтейип үн катпаганга, сийип атса эч нерсе сезбегенге көнүп бүттүк. Мындай бөтөнзордукка көнгөн адамдын өмүрү ыпыр-сыпыр салган таштанды челекке окшоп каларын, бир калыптагы кайдыгер турмуш жүрөктүн отун өчүрүп, жандүйнө кедерине кетип, коом кылмыш менен баңгиликтин жана аягысуюктуктун батташкан этегинин алдында каларын билип туруп көнүп бүттүк.

***

Үзөнгү-Куушуң дагы, Каркыраң дагы бөтөнзордук менен кетти. Алдуу-күчтүү мамлекеттердин бөтөнзордугунан кутулуу үчүн адегенде кыргыз өз үйүңдө өзүң кожоюн болушуң керек. Адегенде өзүңө өзүң жасап келаткан бөтөнзордуктан кутулушуң керек. Антиш үчүн тирилиши керек. Жылан эски терисин алмаштыргандай сен да буга чейинки "териңди" таштандыга ташташың керек. Эгер антелбасак бөтөндөлгөнүбүз бөтөндөлгөн…

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз эл акыны,
Байдылда Сарногоев атындагы эларалык
адабий сыйлыктын лауреаты.

 
vaisДата: Шаршемби, 16.09.2009, 23:55 | Сообщение # 5
Жаңы мүчө
Группа: Колдонуучу
Сообщений: 2
[ 0 ]
Награды:
[ 0 ]
кыргыз.. кыргыз...качан эсине келесин...

Акыл айга жеткизет
 
timosh_krutДата: Жума, 23.10.2009, 15:45 | Сообщение # 6
Группа: Удаленные
[ ]




mumkun bizdin ata babalar tuura emes joldon basyshkandyr, kanday deisiner?
oshogo biz kembagalyraak bolgonbuzbu? je kanday ? 50 jyldan kiyin menin oium KG jok bolup ketebi deim da
 
Эрке_кызДата: Жума, 20.11.2009, 19:52 | Сообщение # 7
Үйрөнчүк
Группа: Колдонуучу
Сообщений: 20
[ 1 ]
Награды:
[ 0 ]
ата бабаларыбыз таптакыр башка чойродо, башкача коомдо, башкача турмушта, башкача ой тушунукто болушкан.
аларга элдин намысы эн биринчи оорунда турган
азыр эн эле жонокой деген озубуздун урп адаттарыбызды эски деп чанып, батыштын оор сазына батып баратканыбызды ким танат?
буга заман куноолубу же отконубузду сактап кала албаган элби?
менин оюмда Кыргызстан онугот эгерде ал озунун КЫРГЫЗдыгын сактап кала алса...

Жашоонун ойдо томон, суук ысыгын
Аргасыз жашырабыз койнубузга
Зыл таштай оордугуна чымырканып
Которуп аргасыздан мойнубузга

Жашайбыз узулбогон умут менен
Будомук келечекти мактап коюп
Эртен кун бир башкача болот деген
Журокко ак тилекти сактап коюп

Жол бойлоп ой кочундо келе жатсам
Корунот эрбендеген, эпсиз караан
Чал турат куба сакал жол боюнда
Эрксизден жашоо учун сут май саткан

Парз тура бул жалганда жанды бакмак
Отураар кези экенде доолот сактап
Аргасыз алпурушуп турмуш менен
Чал журот, сут май сатып, кочо таптап

Жашоонун коруп улам комускосун
Кудай ай! Жанды жандан кемитпесин
Келатып бир карыган апа кордум
Суукта сатып жургон чемичкесин

Муунду кара козун, ылдый катып
Санаанын баткагына белден батып
Улгайган чон кишиче улутунуп
Наристе бала журот, гезит сатып

Кыз журот, суйкум жуздуу коздору шок
Куркоодо кор жер сатып аргасы жок
Окууга мин мин пулун толоп коюп
Окуган окуусунун пайдасы жок

Ушундай заман турат. Барбы арга?
Озгорбой жалынсак да башкаларга
Элибиз бараткансыйт Ындылардай
Болунуп, бай-кедей деп "касталарга"

Танданам жашоо кочу кайда барат?
Кылдырттап суйроп алга арабасын
Бугундон эртенкиси оордоп барат
Оо заман кайда алып баратасын?
(автор)
Калича Жакыпова


12345678910
 
KG-FORUM » Кыргыздын турмушу » Кыргызстан » Келечектеги Кыргызстан
Страница 1 из 11
Поиск:

Copyright Design Studio © 2017