Сегодня
МЕНЮ
Акыркы фотолор
Сурамжылоолор
Кыргыздын мыкты ырчы мырзасы ким?
Всего ответов: 464

Урматтуу  айымдар!!!

Саламатсыздарбы биздин ай чырайлуу, ак куу моюн, оймок ооз кымча бел, аркар мүчө, сулуу эжелер жана карындаштар. Бүгүндөн баштап KG CLUB сайтында "Мисс KG" конкурсу башталды. Конкурстун максаты интернет дүйнөсүндө кыргыздын сулуу кыздарын даңазалоо, жана интернет сулуусу деп тандоо.
Албетте жеңүүчү деп аныкталгандарга сыйлыктар ыйгарылат. Анда чамдаңыздар.


Женүүчү деп табылган айымга борбор калаабыздын эң алдыңкы кафелеринин биринде эки адамдык жолугушуу. (Романтикалык кече)

Конкурстун шарты:

Бул конкурска баардык айымдар катыша алат. Эч кандай чектөөлөр коюлбайт, баардык курактагы кыздар катыша  алышат.


1. Тулку бою толук тартылган (сүрөткө башыныздан бутуңузга чейин тартылсын) жогорку сапаттагы сүрөт.
2. Сиз тууралуу кыскача маалымат:
      I Туулганы тууралуу маалымат (кк.аа.жжжж)
      II Кайсы жерлик
      III Бош убактысында эмне менен алектенүүсү
      IV Сүйүп жеген тамагы
      V Жакшы жасаган тамагы
      VI Өзүнүн жактырган сапаты
      VII Жактырбаган сапаты
      VIII Учурда эмне менен алектенет ( жумушчу, студент, окуучу ж.б.у.с.)
      IX Алдыга койгон максаты

3. Так жана туура маалымат
4.
Катышуу чектелбейт. ( мурда катышкан айым кийин да сүрөтүн кошконго укуктуу)

Фотосүрөттөрдү альбом бөлүмүнө "МИСС KG" категориясын тандап коюңуздар. Аталышы деген жерге катышуучунун аты жөнү (туура жана толук) көрсөтүлсүн. Кыскача баяндама деген жерге жогорудагы 2-пункттагы талаптарды жазыңыздар.

Добуш берүү ыкмасы:

Сайттын ар бир жараны конкурстун катышуучусуна баа бере алат. Баалоо үчүн "Оценить" буйругунан аткарабыз, жана өз сын пикириңизди (комментарии) билдире аласыз.
Катышуучунун укугун тебелөө же туура эмес сын пикир калтыруу, цензурадан тышкары лексиканы колдонууга  тыюуу салынат, жана чара көрүлөт!

Айымдар катышыңыздар, мырзалар баалаңыздар!
Конок
Конок

Логин:
Пароль:
Жаны кошулгандар