Казак кызы.
(үзүндү) Казак кызы, айдай сулуу,
Көз карашы, күндөй жылуу,
Казак кызын бир көргөндө,
Сүйүп калдым мен түбөлүккө.
Казак кызы, эң акылдуу,
Кара каштуу, узун чачтуу,
Казак кызын бир көргөндө,
Сүйүп калдым мен түбөлүккө.
*********************
© Намиру. 1999 ж.
Добавлено (10.07.2009, 03:33)
---------------------------------------------
Неля ханум.
Сенсиз мага, жай мезгили чилдедей,
Кооз, жытту, роза гүлү эрмендей.
Сенсиз мага, мүрөк суусу уудай ачуу,
Жаңы эле, жапкан нан да – таштай катуу.
Сенсиз мен, эч нерсеге кызыкпаймын,
Эч качан, аалам сырын чеч албаймын.
Сенсиз мен, акылымдан адашамын,
Чарчасамда, таң тосом, уктабаймын.
Сенсиз мен, эч нерсеге ишенбеймин,
Суусасамда, кымыз ичпей, уу ичемин.
Сенсиз мен, эч нерсени каалабаймын,
Жаш болсомда, бул жалганда, жашабаймын.
Неля ханум менин Неля ханум,
Сени менен абдан, бактылуумун,
Эң акылдуу жана эң бир сулуу,
Алтын кушумсуң сен – жомоктогу.
© Намиру. 1998 ж.
************************************
Добавлено (05.09.2009, 05:27)
---------------------------------------------
00000