Жума, 29.03.2024, 22:25
Приветствую Вас Конок | RSS
Главная | Регистрация | Вход

[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
KG-FORUM » Аралаш » Дин » ДИН ЖАНА ЦВЛИЗАЦИЯ (БУГУНКУ АБАЛ)
ДИН ЖАНА ЦВЛИЗАЦИЯ
JaklipMДата: Дүйшөмбү, 08.02.2010, 10:59 | Сообщение # 1
Жаңы мүчө
Группа: Колдонуучу
Сообщений: 7
[ 0 ]
Награды:
[ 0 ]
Биз мусулмандарбыз,бул
жерде эч талаш деле жок.Менин айтайын дегеним башка.
Бизди буга дейре еврокульть озунун таасиринде кармап келди.Коптогон каада
салттарыбызды алыстатып,ал тургай
улуттук кийимдерибиз да театралдык кийимдерге айланып
калды,ата,эне - папа мамага айланды.Ал эми демократиябыз анархияга айланып баратат.Буюртма адам
олтуруу,сотторду кол
баласындай пайдалануу айтор акмактай эле иштер болууда.Кыз келиндер денесин сатса,узун акчанын артынан куугандар тентип кетишти.Эми болсо арабстандын культу
каптап баратат.Хиджаб кийген келиндер шариятка такап экинчи,учунчу,тортунчу аял болуп,бироолордун уй булолорун бузуп жатышат.Кыргыз кайрыктары да оз коркомдугун жоготту,сапатсыз ырлар,сандырактаган ырчы соройлор батпай кетти.
Ушул эки культтун тепсендисинде калсак биз озубузду озубуз жарга туртуп жаткан
жокпуспу?Биздин ата энелерибиз деле намаз окуп отушкон,мен да
коп жылдан бери намаз окуйм,бирок сакал коюп ашкере
фанат болуп кеткен жокмун,кыргыз болуп
туулуп калганым учун куноолу эмесмин да.
Мен мусулман кыргызмын,мен учун оз эне тилим,элимдин
маданияты,адабияты,кaада салты,кийими,музыкасы биринчи кезекте ыйык.Улуттун жузун
булгабасак,мусулман бололу бирок араб болуп кетпейли,ал эми
демократия абийрибиздин тогулушуно себепчи
болбосо дегим келет.
Жалпы эле силердин
пикиринерди билгим келет


ЖАКЫП МАМЫРКАН УУЛУ. экстрасенс
 
Эрке_кызДата: Жекшемби, 28.02.2010, 18:04 | Сообщение # 2
Үйрөнчүк
Группа: Колдонуучу
Сообщений: 20
[ 1 ]
Награды:
[ 0 ]
сиздин жогорудагы жазганынызга аз да болсо оз оюмду айтып откум келет
ким билет ар бир адам ар кандай коз карашта
бирок менин айтайын дегеним,
мен мусулман динин бекем туткан адамдарды чын дилимден сыйлайм
азыр Хиджап жамынган кыз эмесмин бирок аны жамынуудан качпас элем
бирок баардыгынын убакыт сааты бар дегендей эле
эми негизи эле откондорго сереп салып карап корсок
эзелки замандарда жашап келген кыргыздын жалпы кийимдери эле азыркы ХИДЖАП, СУННОТ
кийимдер экен
негизи айтыла турган нерсе Хиджап деген эмне?
Хиджап бул созсуз турдо эле кара же боз же ак турдогау материал менен жузу башынан бери чумкоп алуу эмес
Хиджап бул АВААТ жерлерди жаап коргозбой кийуучу кийим (кааласан жон эле узун юпка, менен ото ачык эмес кофта кийип алса да болот)
ал эми аял кишинин АВААТ жерлери деп бул колдун томугунан тарта буттун кызыл ашыгына чейинки жерлер эсептелет
демек бул жон гана узун кийуу жана ашкере ачык кийинип шайтанды чакырбоо
дегеним кыргыздын улуттук кийимдери деле узун, колдун томугун, буттун кызыл ашыгын жаап турат

эми сиз айткан дин жагына келсек,
эркеке суннот дешет
же тактап айтсак суннот кийсениз сооп табасыз- бирок эркеке парз эмес
ал эми аял кишиге Хиджап кийуу парз делет

мен бирок бул жактан эч кандай жаман нерсени коро алган жокмун
болгону узун жана татнакай кийинип жургон кыздарга батынып деле балдар тийишип, же ар кандай уят создорду айтышпаса керек
ал эми батышты туурап мини юпканы, кокурогу ачык кофтаны илип алып жургондорго алда канча кооптуураак
дегеним, андай кызды коргон балдарды да шайтандар башкарып алышат да wink

ооба сиз айткандай эле биз кыргызбыз!!!
каада салтыбыз, урп адатыбыз бар
бирок эми биз Шаман эмеспиз да
мусулманчылыкты кабыл кылганыбыздан кийин оозубуз менен эле мусулманмын, диним ислам деп отура бербей шариаттын да жол жобосун карманыш керек!
биз озубуздун каада салтыбызды жоготуп алабыз деп исламдан качууга же жон гана мусулманмын деп коюп анын принциптерин аткарбай коюуга акыбыз жок!!!
Ислам дини биздин салтыбызга , же урп адатыбызга тийишкен жери жок го?
ачык айткан айып эмес
байке,
бирок Ислам динине кирууну арапташуу катары кабыл алганыныз туура эмес
Куран же Ислам дини жалан гана араптарга тиешелуу эмес!
ал жалпы АДАМЗАТКА тиешелуу!
Хиджап же Суннот кийимдерди араптар ойлоп тапкан эмес
жогоруда озум айтып кеткендей ал болгону аталышы гана арапча

мен деле качандыр бир кездерде Хиджапка, Ислам дининин кайсы бир принциптерине каршы чыккан учурларым болгон
бирок мезгил отуп эми тушуно баштадым
мени балким дин жагында окуган бироо деп жаткандырсыз
бирок мен илим жагында окуган, динге кымындай да тиешем жок инженермин xixi

балким мага каршы пикириниз болсо , же жон гана тушунуксуз суроолорунуз болсо жообунузду кутом
саламым менен


12345678910
 
KG-FORUM » Аралаш » Дин » ДИН ЖАНА ЦВЛИЗАЦИЯ (БУГУНКУ АБАЛ)
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск:

Copyright Design Studio © 2024